1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

21

БИЗДИН ЖАШОО СТАБИЛДҮҮБҮ? СТУДЕНТТЕР ҮЧҮН ЖАҢЫ КӨЗ КАРАШ ЖАНА АЧЫК ТАЛКУУ

2025-жылдын 19-декабрында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүруштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинде студенттердин келечегине багыт берген тарбиялык мазмундагы өзгөчө сабак болуп өттү.

«Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасынын улук окутуучусу М. Н. Нурматова ФМББ(М)-1-25 тайпасынын студенттерине «Биздин жашоо стабилдүүбү?» аттуу эки сааттык интерактивдүү лекциясын тартуулады. Бул сабак кадимки лекциялардан айырмаланып, жеке өнүгүүгө, баалуулуктарды кайрадан карап чыгууга жана заманбап дүйнөнүн чакырыктарына даяр болууга багытталды.

Лекциянын башталышында студенттер лекциянын темасы менен таанышып, ар бир күтүүлөрүн жазышты. «Жашоо стабилдүүбү?» деген суроонун үстүндө жеке, жуптарда иштөөгө убакыт берилип, өз пикирлерин ортого салышты. Аудиторияда кызуу талкуу жаралып, айрым студенттер туруктуулукту жактаса, башкалары бүгүнкү дүйнөнүн өзгөрмөлүү экенин негиздүү далилдеп беришти.

Талкууну тереңдетүү максатында студенттерге атайын видеоролик көрсөтүлдү. Анда бүгүнкү күндө эч кандай стабилдүүлүк жок экени, бирок ошол эле учурда келечек үчүн эң маанилүү болгон «Top 10» жумшак көндүмдөр жана «өмүр бою билим алуу» принциби замандын негизги талабы экени таасирдүү чагылдырылган. Бул «бир кесип менен өмүр бою иштөө» деген эски түшүнүктөн арылып, ийкемдүү болууга чакырык таштады.

Лекциянын кийинки бөлүгүндө студенттерге глобалдык өзгөрүүлөргө ылайык, билим берүү системасын өзгөртүү муктаждыктары негизделген текст таратылып берилди. Студенттер «Инсерт» технологиясын колдонуу менен текстти терең талдап, заманбап билим берүүнүн трансформациясы боюнча өз пикирлерин калыптандырышты.

Лекциянын соңунда студенттер алгачкы күтүүлөрү менен алган маалыматтарын салыштырып, рефлексия жүргүзүштү. Студенттердин кайтарым байланышы абдан позитивдүү болуп, бул маанилүү теманын логикалык уландысы кийинки семестрде дагы тереңдетилип өтүлө тургандыгы айтылды.

Бул иш-чара студенттерге глобалдык өзгөрүүлөр шартында жеке өнүгүү стратегиясын туура түзүүгө жана кесиптик жолунда ийкемдүү болууга чоң түрткү берди.