1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

26

СТУДЕНТТЕРДИН ӨЗ АЛДЫНЧА ИШТЕРИНИН ЖЫЙЫНТЫКТАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

2025-жылдын 15-декабрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУ илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун «Математика жана математикалык моделдештирүү» кафедрасында студенттердин өз алдынча иштеринин  аткарылышы боюнча кезектеги жыйынтыктоочу иш-чара болуп өттү.

Иш-чаранын темасы: Студенттердин өз алдынча иштеринин аткарылышын жыйынтыктоо жана баяндамаларды угуу.

Уюштуруучу: Кафедранын улук окутуучусу М.Н. Нурматова.

Катышуучулар: ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери.

Иш-чаранын алкагында «Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы» дисциплинасы боюнча 3-семестрге пландалган программалык мазмун талкууланды. Студенттер өз алдынча иштерди тапшыруу графигине ылайык даярдалган төмөнкүдөй иштерди тапшырышкан:

  • Илимий негиздеги эсселер;
  • Системалаштырылган таблицалар жана кластерлер;
  • Салыштырмалуу талдоо жүргүзүүчү Венндин диаграммалары.

Мындан сырткары реферат жазуу жана презентация даярдоо тапшырмалары берилген.

Иш-чаранын башкы максаты – студенттердин тиешелүү темалар боюнча даярдаган презентацияларды жана рефераттарынын мазмунун талкуулоо, ошондой эле өздөштүрүлгөн теориялык мазмунду баяндап берүү, талкуулоо жана билимди тереңдетүү болуп саналат.

Талкуу учурунда студенттер өздөрү даярдаган баяндамаларын жакташты. Ар бир тема боюнча кызыктуу суроо-жооптор уюштурулуп, окутуунун заманбап методикалык ыкмалары боюнча пикир алмашуу жүрдү. Өз алдынча иштер белгиленген графикке ылайык, өз убагында жана сапаттуу аткарылгандыгы белгиленди.