1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

24

МЕТОДИКАЛЫК КОМПЕТЕНТТҮҮЛҮКТҮ ӨНҮКТҮРҮҮ: САБАКТАРДЫН ИШТЕЛМЕЛЕРИН ТАЛКУУЛОО 

2025-жылдын 11-декабрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасында студенттердин өз алдынча иштеринин сапатын арттыруу максатында тегерек стол уюштурулду. Тегерек столдун темасы: Студенттердин өз алдынча иштерин (сабактардын иштелмелерин) талкуулоо жана багыт берүү. Уюштуруучу: Кафедранын улук окутуучусу М.Н. Нурматова. Катышуучулар: ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенттери. Тегерек стол “Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы” дисциплинасы боюнча 3-семестрге пландалган мазмунду өз алдынча өздөштүрүүгө берилген сабактардын иштелмелерин иштеп чыгуу тапшырмасын талкуулоого арналды. Иш-чаранын негизги максаты – студенттердин өз алдынча иштелмелеринде келип чыккан көйгөйлөрдү угуу, түшүндүрмө берүү жана методикалык боштуктарды толуктоо болду. Улук окутуучу М.Н. Нурматова жалпы билим берүүнүн мамлекеттик стандартындагы жана предметтик стандарттагы талаптарга ылайык, иштелмелерде калыптануучу негизги жана предметтик компетенттүүлүктөрдү кантип туура чагылдыруу керектиги боюнча багыт берди. Талкуунун жыйынтыгында, студенттер компетенттүүлүктөрдү эске алуу менен, өздөрүнүн даярдаган иштелмелериндеги кемчиликтерди оңдоп-түзөөгө жана толуктоолорду киргизүүгө мүмкүнчүлүк алышты. Бул иш-чара келечектеги мугалимдерди даярдоонун сапатын жогорулатууга өбөлгө түздү.