1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

31

Манас шаарындагы №10 Т. Кошматов атындагы орто мектепте практиканттарга жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү

Манас шаарындагы №10 Т. Кошматов атындагы жалпы билим берүүчү орто мектебинин базасында Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу Бекназарова Махабат Кудайбердиевна тарабынан ФМББ(М)-1-22 тайпасынын кесиптик-профилдик практикасы учурунда “Тарбиялык сааттын иштелмесин даярдоо. Жадыбалга ылайык сабак өтүү, психолдогиялык-педагогикалык талдоо жүргүзүү” атлышында практиканттар үчүн жумуш ордунда окутуу өткөрүлдү. Аталган иш-чаранын алкагында тарбиялык сааттын иштелмесин даярдоо, жадыбалга ылайык тарбиялык сабак өткөрүү жана өткөрүлгөн иш-чарага психологиялык жана педагогикалык талдоо жүргүзүү маселелерине өзгөчө көңүл бурулду. Жумуш ордунда окутуунун жүрүшүндө практиканттар тарбиялык иштерди уюштуруунун методикасы менен таанышып, окуучулардын жаш өзгөчөлүгүнө жана класстын психологиялык абалына ылайык тарбиялык сааттарды пландаштыруунун жана өткөрүүнүн практикалык жолдорун өздөштүрүштү. Тарбиялык сааттын мазмуну окуучулардын адеп-ахлактык, жарандык жана социалдык сапаттарын өнүктүрүүгө багытталды. Иш-чаранын соңунда өткөрүлгөн тарбиялык сааттарга психологиялык жана педагогикалык талдоо жүргүзүлүп, практиканттардын кесиптик компетенцияларын өркүндөтүүгө багытталган сунуштар берилди. Жумуш ордунда окутуу практиканттардын теориялык билимдерин практикалык ишмердүүлүк менен айкалыштырууга жана келечектеги педагогикалык ишине даярдыгын жогорулатууга өбөлгө түздү.