1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 недели назад

28

“АСИМПТОТИКАЛЫК, КОМПЬЮТЕРДИК, ТОПОЛОГИЯЛЫК МЕТОДДОР ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ” ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРЫ ЖӨНҮНДӨ

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” институтунун “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясынын иш планына ылайык кезектеги семинар болуп өттү. Семинар сингулярдык козголгон теңдемелер теориясындагы чыгарылыштардын асимптотикалык жүрүмүн талдоодо негизги каражат болгон “Деңгээл сызыктар” методунун колдонулуштарына арналды. Семинарда лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К. С. Алыбаев тарабынан көйгөйдүн илимий коюулушу баяндама жасалды. Лабораториянын мүчөлөрүнө жана студенттик курамга бул багытта тапшырма берилип, экинчи жарым жылдыкта өтүлө турган семинарга жыйынтыктар менен келүү милдеттендирилди.