1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 недели назад

28

ИЛИМДИН БАГЫТЫ БОЮНЧА ИЛИМИЙ ИЗИЛДӨӨЛӨРДҮН МЕТОДОЛОГИЯСЫ ЖАНА МЕТОДДОРУ ДИСЦИПЛИНАСЫНАН АСПИРАНТТАРГА САБАК ӨТҮЛДҮ 

2025-жылдын 13-декабрында “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” институтунун “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясында физика-математика илимдеринин доктору, профессор               К. С. Алыбаев тарабынан илимдин багыты боюнча илимий изилдөөлөрдүн методологиясы жана методдору дисциплинасынан аспиранттарга сабак өтүлдү. Аспиранттар Г.Д.Эшмуратова , Г.У. Номадинова жана Эрматали уулу Б. катышты.Сабакта1. Илим изилдөө темасы;2. Изилдөө маселелери;3. Маселе боюнча илим изилдөө иштеринин жүрүшүнө анализ;4. Изилдөөдө колдонулган методдор, каражаттар, ыкмалар ж.б.5. Тандалган темага туура келген методдор, ыкмалар, каражаттар;6. Методология жөнүндө түшүнүк каралды.Сабак соңунда аспиранттарга өз алдынча иштөөгө тапшырма берилип, коюлган көйгөйдү чечүүнүн негизги кадамдары биргеликте талкууланды.