1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

28

МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ БОЮНЧА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ ЖҮРГҮЗҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын улук окутуучусу М.Н.Нурматова тарабынан Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы дисциплинасы боюнча жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү ишке ашырылды.

ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттерине Манас шаарындагы Р. Азимов атындагы №13 жалпы билим берүүчү мектебинин мугалими Ахмедова Гульчехра Исакжановнанын 9 “г” классына өткөн “Геометриялык прогрессия” темасы боюнча бышыктоо сабагына катышуу уюштурулду.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө:

  • Окутуу процессине жакындан таанышуу ишке ашырылды, студенттер мектептин чыныгы шартында мугалимдин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүштү.
  • Студенттерге окуу процессине байкоо жүргүзүү үчүн онлайн шилтеме даярдалып берилип, алар сабактын жүрүшүндөгү ишмердүүлүктү тиешелүү формада толтурууга мүмкүнчүлүк алышты.