1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

31

МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ БОЮНЧА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын улук окутуучусу М.Н. Нурматова тарабынан “Физика-математикалык билим берүүнү (математиканы) окутуунун методикасы” дисциплинасы боюнча жумуш ордунда окутуу ийгиликтүү ишке ашырылды.

ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн Манас шаарындагы Р. Азимов атындагы №13 жалпы билим берүүчү мектебинин 5 “Г” классына уюштурулган “Кадимки бөлчөктөрдү кошуу жана кемитүү” темасы боюнча бышыктоо сабагына катышуу уюштурулду. Сабакты мектептин мугалими Самаган кызы Гульдана өткөрдү.

Бул иш-чаранын жүрүшүндө:

  • Окутуу процессине жакындан таанышуу ишке ашырылды; студенттер мектептин чыныгы шартында мугалимдин ишмердүүлүгүнө байкоо жүргүзүштү.
  • Студенттер мугалимдин класс менен иш алып баруу жана классты башкаруу методикасы менен жакындан таанышып, окуучулардын өз алдынча ишти аткаруу ишмердүүлүгүнө күбө болушту.
  • Студенттер өздөрү күбө болгон педагогикалык процессти мүнөздөп, анализдешти.

Жүргүзүлгөн иш-аракет “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасы менен мектептин ортосундагы байланышты чыңдоого, студенттерди кесипке даярдоого негиз болуп саналат.