1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

4 месяца назад

190

4К КОНЦЕПЦИЯСЫ: XXI КЫЛЫМДЫН КӨНДҮМДӨРҮН ӨНҮКТҮРҮҮГӨ АРНАЛГАН МАСТЕР-КЛАСС

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети”  илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык институтунда «4К концепциясынын негизинде сабактын практикалык инструменттерин колдонуу өзгөчөлүктөрү» аттуу мастер-класс өткөрүлдү.

Уюштуруучулар: Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы, улук окутуучу М.Н.Нурматова жана ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенти Н. Абдуллаева.

П.и.к., доцент Б.М.Турдубаева, улук окутуучулар Ү.Ажикулова, М.Маткаримова, окутуучулар Сыдыкова Б., Эркинбек кызы Ж., Жороева Н. ж.б. мастер-класска катышып, позитивдүү, конструктивдүү, оң пикирлерин айтышты.

Иш-чаранын негизги максаты – болочок математика мугалимдерин XXI кылымдын негизги көндүмдөрүн (4К: кооперация, коммуникация, критикалык ой жүгүртүү, креативдүүлүк) окуу процессине интеграциялоонун заманбап методикалары жана практикалык инструменттери менен тааныштыруу болду.

Мастер-класста бардык иш-аракеттер комплекстүү жана практикалык форматта жүргүзүлдү:

  • Комплекстүү тапшырма: студенттер топторго бөлүнүп, “Стартап-инвестиция: прогрессиялар менен пландоо” аттуу тапшырмасынын үстүндө иштешти.
  • Критикалык талдоо: арифметикалык жана геометриялык прогрессияларды колдонуп, стартаптын финансылык өсүү моделдерин талдашты. Алдын-ала даярдалган эки моделдин тобокелдиктерин талдап, оптималдуу гибриддик моделди сунушташты.
  • Кооперация жана ролдор: ар бир топ мүчөсү так ролдорду (башкы аналитик, жардамчы аналитик, маркетолог, долбоор менеджери, time менеджер) аткарып, командада натыйжалуу иштөө көндүмүн көрсөтүштү.
  • Креативдүү чечимдер: топтор гибриддик моделди креативдүү стратегиялар менен толукташты.
  • Коммуникация жана коргоо: 1-топ иштин жыйынтыгын таблицалар аркылуу визуалдаштырып, 2-топ электрондук форматта презентация жасап, аны “инвесторлорго коргоо” форматында ишенимдүү түрдө презентациялашты.

Мастер-класстын өзгөчөлүгү санариптик инструменттердин активдүү колдонулушу жана баалоонун заманбап ыкмалары болду:

  • Практикалык тапшырма аткарылгандан кийин, Н.Абдуллаева 4К концепциясы боюнча баяндама жасады, андан соң Plickers тиркемеси аркылуу катышуучулардын 4К жөнүндө түшүнүктөрү жана билими тез арада аныкталып, процесс интерактивдүү жана ыкчам жүргүзүлдү.
  • Топтордун мүчөлөрү өздөрүнүн аткарган ар бир иш-аракетин баалоо үчүн өздүк баалоо баракчалары аркылуу баалашты.

Өтүлгөн мастер-класс теорияны практика менен айкалыштыруунун эффективдүүлүгүн көрсөттү. Ошондой эле, сабактын практикалык инструменттерин колдонуу методикасын талдоого негиз болду. Студенттер математикалык билимди чечим кабыл алуу, стратегия түзүү жана командада натыйжалуу иштөө сыяктуу маанилүү көндүмдөр менен айкалыштырууну үйрөнүштү. Бул мастер-класс математика адистигиндеги студенттердин заманбап билим берүү чөйрөсүнө даярдоодогу чоң салым болуп эсептелет.