1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

59

МАТЕМАТИКА ПРОФИЛИНИН СТУДЕНТТЕРИ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯДА ИЙГИЛИК ЖАРАТТЫ!

“Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багытынын математика профилинин студенттери 2025-жылдын 29-ноябрында Ош мамлекеттик университетинде өткөн "Студент жана илимий-техникалык прогресс" аттуу XII эл аралык студенттик илимий конференцияга активдүү катышышты.

Иш-чарага жалпысынан 500дөн ашык студент катышып, алардын илимий эмгектери 19 секцияда угулду.

Кафедранын улук окутуучусу Нурматова Майрамгул Нарбековнанын жетекчилигинде илимий иштерин жүргүзүшүп, төмөнкүдөй сыйлуу орундарды ээлешти:

  • 1-Даражадагы Диплом:
  • ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенти Садирбекова Назбийке (“Заманбап окутуунун технологияларын колдонуунун айрым маселелери” секциясы) 1-даражадагы диплом менен сыйланды.
  • 2-Даражадагы Диплом:
  • ФМББ(М)-1-23 группасынын студенти Абдуллаева Назгүл ("Математика, физика, информатика мугалимдерин даярдоодогу учурдагы тенденциялар" секциясы) 2-даражадагы диплом менен сыйланды.
  • Сертификат:
  • ФМББ(М)-1-24 тайпасынын студенти Эркин кызы Каныкей “Заманбап окутуунун технологияларын колдонуунун айрым маселелери” секциясында ийгиликтүү баяндама жасап, катышкандыгын тастыктаган сертификатка ээ болду.

Кафедранын профессордук-окутуучулук курамы студенттерибиздин илимий изденүүсүн жана жетишкендиктерин, ошондой эле илимий жетекчи М.Н. Нурматованын кесипкөйлүгүн сыймыктануу менен белгилейт!