1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

57

НЕГИЗГИ БИЛИМ БЕРҮҮ ПРОГРАММАЛАРЫ ТАЛКУУЛАНДЫ

“Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багытынын математика профили боюнча бакалавр квалификациясына арналган негизги билим берүү программалары (НББП) талкуулады.

НББПны иштеп чыгуучулар анын аталган багыт боюнча иштелип чыккан билим берүү стандартына негизделгенин жана процессте тиешелүү жоболорго таянышкандыгын баяндашты.

Улук окутуучу М.Н. Нурматова тарабынан багыттын миссиясы, максаттары, милдеттери, ошондой эле окутуудан күтүлүүчү натыйжалардын окуу планында көрсөтүлгөн дисциплиналарда калыптануучу компетенттүүлүктөр жана аларга туура келүүчү күтүлүүчү натыйжалар кеңири баяндалды.

Талкуу учурунда, жаңы иштелип чыккан НББПлардын мурунку программалардан өзгөчөлүктөрү белгиленди. Ушуга байланыштуу, билим берүүнүн үзгүлтүксүздүгүн камсыздоо максатында, бакалавр программасы менен магистратура программасынын өз ара шайкештигин талкуулоо маселеси кошумча көтөрүлдү.

Кафедранын окутуучулары ал өзгөчөлүктөр менен таанышып, программаны андан ары өркүндөтүү үчүн иш берүүчүлөр жана бүтүрүүчүлөр менен биргелешкен жолугушуу иш-чараларын уюштуруу, алардын пикирлерин жана сунуштарын угуу керектиги айтылды. Ал иш-чаралар даярдалып жаткан адистин кесиптик компетенцияларын калыптандырууга, билим берүү программасын жакшыртууга салым кошо тургандыгын баса белгилешти.