1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

10

STEM ТЕХНОЛОГИЯСЫНА НЕГИЗДЕЛГЕН ОКУТУУ МЕТОДИКАСЫ БОЮНЧА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

2025-жылдын 24-ноябрында "Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институттун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын улук окутуучусу М. Н. Нурматова тарабынан ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттерине “Сан удаалаштыгын жана прогрессияларды окутуунун методикасы” темасында ачык сабак өтүлдү.

Ачык сабак орто мектепте сан удаалаштыгынын айрым элементтерин STEM технологиясына негиздеп окутуу методикасы боюнча сунушталган ыкмаларды талкуулоо, мыйзам-ченемдүүлүктөрдү аныктоо жана алардын маанилерин чечмелөө максатында уюштурулду.

Сабакта инновациялык билим берүү каражаттары, атап айтканда, Flippity, Plickers, Geogebra сыяктуу интерактивдүү инструменттер колдонулду. Теманын мазмунун ачып берүү менен, түшүнүктөрдү окутууда алардын илимий (Science), инженердик (Engineering), технологиялык (Technology) жана математикалык (Mathematics) негиздерин ачып берүүгө мүмкүндүк берүүчү кыска видео фрагменттер активдүү колдонулду.

Студенттердин жеке, жупта жана топто иштөө формалары пландалып, калыптандыруучу баалоонун техникалары колдонулду. Студенттерди изденүүгө түрткү берген жана кызыгууну жараткан бул сабактын соңунда суроолор жана сунуштар карточкага жазылып кайтарым байланышты жүргүзүү үчүн алынды.