1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

8

“АСИМПТОТИКАЛЫК, КОМПЬЮТЕРДИК, ТОПОЛОГИЯЛЫК МЕТОДДОР ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ” ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРЫ

2025-жылдын 25-ноябрында  “Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин “Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” институтунун “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясынын иш планына ылайык кезектеги семинар болуп өттү.

Семинар сингулярдык козголгон теңдемелер теориясында чыгарылыштардын асимптотикалык жүрүмүн талдоодо негизги каражат болгон “Деңгээл сызыктар” темасына арналып, лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К. С. Алыбаев тарабынан теманын идеясы жана маани-мазмуну жөнүндө баяндама жасалды.

Баяндаманын соңунда студенттерге өз алдынча иштөөгө тапшырма берилип, аталган темада коюлган көйгөйдү чечүүнүн негизги кадамдары биргеликте талкууланды.