1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

10

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

2025-жылдын 19-ноябрь күнү Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 “Физика-математикалык билим берүү” багытынын 2-курсунун сырттан окуу бөлүмүнүн магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Иш-чара “Zoom” платформасы аркылуу онлайн форматта уюштурулду. Конференцияны практика боюнча жооптуу, математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу М.Н. Нурматова өткөрдү. Магистранттар илимий-педагогикалык практиканын негизинде аткарылган иштери боюнча кеңири баяндамаларды жасашты. Алар өз сөзүндө төмөнкүлөргө токтолушту: • Илимий-педагогикалык практиканын жол картасы боюнча иштөө абдан ыңгайлуу болгондугун баса белгилешти. • Практика мезгилинде окуу-методикалык документтердин маанисин, түзүмүн (структурасын) терең түшүнүшкөндүгүн билдиришти. • Китепкана фонду менен иштөө, ошондой эле илимий иштеринин темаларына ылайык эксперименталдык иштерин ийгиликтүү жүргүзүшкөндүгүн айтышты. • Заманбап технологияларды колдонуп сабак өткөн окутуучулардын жана мектеп мугалимдеринин сабактарына активдүү катышып, бул боюнча өздөрүнүн ой-пикирлерин билдиришти. Жыйынтыктоочу талкуулар келечектеги адистердин кесиптик багытын тактоого жана билим берүү системасына жаңы, инновациялык көз караштарды алып келүүгө шарт түздү.