1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

12

ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУ: "ЭКСПЕРИМЕНТКЕ МАТЕРИАЛ ДАЯРДООГО БАГЫТ БЕРҮҮ"

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери 2025-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейинки аралыкта кесиптик-профилдик практикасын өтөө мезгилинде “Экспериментке материал даярдоого багыт берүү” темасында жумуш ордунда окутуудан өтүштү. Бул окутуу математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессору К.С.Алыбаев тарабынан жүргүзүлдү. Профессор практиканттарга практикалык иштерде кезигиши мүмкүн болгон көйгөйлөрдү аныктоо, аларды чечүү иштеринде эксперименттерди жүргүзүү жана бул эксперименттерге керектүү материалдарды туура даярдоо боюнча кеңири түшүндүрмө берди, ошондой эле эксперименттик иштерди пландоо боюнча төмөнкүлөрдү талкуулашты: • Эксперименттин максаты жана милдеттерин талдоо. • Материал даярдоонун негизги принциптерин талкуулоо. • Колдонулуучу материалдардын түрлөрү менен таанышуу. • Экспериментти жүргүзүү этаптарын жана кадамдарын сактоо боюнча таблица түзүү. Жумуш ордунда окутуунун соңунда, практиканттарга бул багыттагы темаларды өз алдынча терең изилдөө, эксперименттик иштерди жүргүзүү жана алынган жыйынтыктарды (интерпретациялоо) туура чечмелөө тапшырмасы берилди.