1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

15

ИЛИМИЙ-ИЗИЛДӨӨ ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 14-ноябрында “Б. Осмонов атындагы ЖАМУ” илимий-билим берүү-өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профили боюнча окуган ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттарына илимий-изилдөө практикага багыт берүүчү конференция өткөрүлдү. Иш-чараны практикаларды уюштурууга жооптуу, математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М. Н. уюштуруп, ийгиликтүү алып барды. Конференциянын жүрүшүндө практиканын максаты, милдеттери, «жол картасы» жана күндөлүктү алып баруу эрежелери кеңири түшүндүрүлдү. Мындан сырткары, магистранттар илимий-изилдөө практикасына жалпы үч жолу чыгышаары, ал эми бул жолку практика алардын экинчи жолу болуп жаткандыктан, анын өзгөчөлүктөрү жана талаптары өзүнчө белгиленип өттү. Иш-чарага катышкан илимий жетекчилер да магистранттардын суроолоруна жооп берип, практиканын эффективдүү өтүшүнө байланыштуу сунуштары менен бөлүшүштү. Конференция жандуу, пайдалуу жана конструктивдүү маанайда өтүп, магистранттарга алдыдагы илимий-изилдөө ишин уюштуруу боюнча так багыт берди.