1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

10

“АСИМПТОТИКАЛЫК, КОМПЬЮТЕРДИК, ТОПОЛОГИЯЛЫК МЕТОДДОР ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУНУН ТЕХНОЛОГИЯЛАРЫ” ЛАБОРАТОРИЯСЫНЫН КЕЗЕКТЕГИ СЕМИНАРЫ ӨТТҮ

2025-жылдын 12-ноябрында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин "Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар" институтунун “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясында иш планына ылайык кезектеги семинар болуп өттү. Иш-чарага лабораториянын мүчөлөрү катышып, лаборатория башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К. С. Алыбаев заманбап математикадагы өзгөчө актуалдуу багыттардын бири болгон сингулярдык козголгон теңдемелер теориясы боюнча мазмундуу баяндама жасады. Семинарга катышкан студенттик топтун мүчөлөрү талкууга активдүү аралашып, кызыктуу суроолорду беришти. Жыйынтыгында аларга кийинки семинарга даярдык үчүн тапшырмалар берилди.