1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

67

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКАНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 7-ноябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунда кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулуп, ийгиликтүү өттү. Конференция 2025-жылдын 29-сентябрынан 1-ноябрына чейин 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери өтөгөн практиканын жыйынтыгына арналды. Конференцияны практикаларды уюштуруу боюнча жооптуу, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. уюштуруп, өткөрдү. Студенттер практика учурунда аткарган иштеринин мазмунун, башкача айтканда өздөрү кезигишкен көйгөйлөрдү, ишке ашырылган ишмердүүлүктөрдү, жетишкендиктерди жана кыйынчылыктарды баяндашты: • Сабактарды пландаштыруу, максат коюу жана максатка жетүү кадамдары. • 5Е модели менен сабакты пландаштыруу жана өтүүдөгү тажрыйбалар. • Сабактарга катышуу, аларды методикалык талдоо жана окутуучунун иш-тажрыйбасын үйрөнүү. • Мектептин коопсуздук эрежелери, окуу китептери, колдонмолору жана иш кагаздары (дептер текшерүү, баа коюу) менен иштөө. • Тарбиялык сааттын иштелмесин даярдоо, сабак өтүү жана психологиялык-педагогикалык талдоо жүргүзүү. • Насаатчы-мугалимдин КТПсын талдоо, практикантка бөлүнгөн класстар үчүн өзүнүн календардык-тематикалык планын (КТП) түзүү. • Ата-энелер менен карым-катнаш түзүү жана класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу максаттарын аныктоо. • Билим берүү жана тарбиялоо ишмердүүлүгүндө кездешкен көйгөйдү байкоо жана максатты аныктоо. Конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жолдошалиева Н.С., ошондой эле практика жетекчилери: профессор К.С. Алыбаев, М. Бекназарова, Б. Сыдыкова катышышты. Конференция студенттер менен талкуу жүргүзүүгө ыңгайлуу аянтча болду.