1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

66

КЕСИПТИК-ПРОФИЛДИК ПРАКТИКА ИЙГИЛИКТҮҮ АЯКТАДЫ

2025-жылдын 7-ноябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда кесиптик-профилдик практиканын жыйынтыктоочу конференциясы уюштурулуп, ийгиликтүү өттү. Конференция 2025-жылдын 29-сентябрынан 1-ноябрына чейин 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин Мс-1-21 тайпасынын студенттери өтөгөн практиканын жыйынтыгына арналды. Конференцияны практикаларды уюштуруу боюнча жооптуу, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. уюштуруп, өткөрдү. Студенттер практика учурунда жол картасы боюнча аткарган иштерин баяндашты. Алар өз тажрыйбалары менен бөлүшүп, кезигишкен көйгөйлөрүн, жетишкендиктерин жана кыйынчылыктарын талкуулашты. Негизги баяндамалар төмөнкүлөрдү камтыды: • Практика өтөгөн мектептердеги өтүлгөн сабактарды талдоо; • Математика мугалиминин иш кагаздары менен иштөө; • Окуу иштерин жана тарбиялоо процессиндеги аракеттерди ишке ашыруу; • Коомдук иштерге катышуу жана класстан тышкаркы иш-чараларды уюштуруу ж.б. Конференция студенттер менен талкуу жүргүзүүгө ыңгайлуу аянтча болду.