1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

65

“ДИФФЕРЕНЦИАЛДЫК ТЕҢДЕМЕЛЕР ЖАНА МАТЕМАТИКАНЫ ОКУТУУ МЕТОДДОРУ” СЕКЦИЯСЫНЫН ИШИ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

2025-жылдын 6-ноябрында “Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Илим айынын алкагында “Илим жана Коом: Жаңы чакырыктар” аталышындагы илимий-практикалык конференция болуп өттү. Конференциянын алкагында №3 Секция – “Дифференциалдык теңдемелер, динамикалык системалар жана математиканы окутуунун методдору” ийгиликтүү ишин жыйынтыктады. Секция Фундаменталдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар институтунун “Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары” лабораториясынын базасында (же колдоосу менен) ишин жүргүздү. Секцияны лабораториянын башчысы, физика-математика илимдеринин доктору, профессор К.С. Алыбаев жетектеди, ал эми улук окутуучу М.Н. Нурматова секциянын катчылык ишин жүргүздү. Секцияда Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамынын, ошондой эле 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын студенттеринин жана магистранттарынын жалпы 11 баяндамасы угулду. Катышуучулар актуалдуу илимий-математикалык маселелерди талкуулап, математикалык билим берүүдөгү инновациялык методдор жана алдыңкы технологиялар боюнча баалуу тажрыйбалары менен бөлүшүштү.