1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

37

КЕСИПТИК-БАЗАЛЫК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТКӨРҮЛДҮ

2025-жылдын 6-ноябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү институтунун 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин Мс-1-21 тайпасынын студенттери үчүн кесиптик-базалык практиканы өтөө боюнча багыт берүүчү онлайн конференция уюштурулуп, ийгиликтүү өткөрүлдү. Конференцияны практикаларды уюштуруу үчүн жооптуу, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. уюштуруп, өткөрдү. Студенттерге кесиптик-базалык практиканын максаты, милдеттери, жол картасы жана күндөлүк менен иш жүргүзүү боюнча түшүндүрмөлөр, ошондой эле практиканын отчеттуулугу боюнча толук маалымат берилди. Онлайн конференцияга карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жолдошалиева Н.С. катышып, болочок адистер үчүн тиешелүү көндүмдөрдү калыптандырууда практиканын орду жана ролу жөнүндө түшүндүрмө берди. Конференция Zoom платформасы аркылуу уюштурулуп, студенттер практикага даярдык көрүүгө толук маалымат алышты.