1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

110

МАГИСТРАНТТАРДЫН ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАСЫНЫН ЖЫЙЫНТЫКТООЧУ КОНФЕРЕНЦИЯСЫ БОЛУП ӨТТҮ

2025-жылдын 28-октябрында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин (ЖАМУ) Илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Үметов атындагы педагогикалык институтунда 550200 "Физика-математикалык билим берүү" багытынын 2-курсунун магистранттарынын илимий-педагогикалык практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы болуп өттү. Конференцияны практика боюнча жооптуу, Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу М.Н.Нурматова өткөрдү. Магистранттар өз практикасынын негизинде төмөнкүдөй мазмунда баяндамаларды жасашты: • Эрмекбай кызы Айжан: Окутуучулардын сабактарына катышуу жана талдоо. • Жумалыева Гулиза: Мектептеги мугалимдердин сабагына катышуу жана анализ жүргүзүү. • Жороева Назгул: Дисциплиналар боюнча жумушчу программа, силлабустар менен таанышуу жана алардын ички структурасын талдоо. • Кодиржон кызы Зулайхо: Жумушчу программа менен календарлык-тематикалык пландардын айырмачылыктары. • Уланова Арууке: Китепкана фонду менен иштөө, адабияттарды табуу жана талдоо. Ошондой эле, магистранттар өз сөзүндө илимий изилдөөлөрүнүн максаттарына жетүү жолдорун көрсөтүп, практика мезгилиндеги кыйынчылыктарды жеңүү жана алынган артыкчылыктар жөнүндөгү ойлору менен бөлүшүштү. Конференциянын жүрүшүндө магистранттар менен илимий жетекчилер – проф. К. С. Алыбаев, проф. м. а. Жураев А. М., доц. А. Ураимхалилова жана карьераны өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Н. С. Жолдошалиеванын катышуусунда жандуу илимий дискуссия өттү. Мындай талкуулар келечектеги адистердин кесиптик багытын тактоого жана билим берүү системасына жаңы көз караштарды алып келүүгө шарт түздү.