1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

5 месяцев назад

147

ФИЗИКА-МАТЕМАТИКАЛЫК БИЛИМ БЕРҮҮ БАГЫТЫНЫН МАТЕМАТИКА ПРОФИЛИНИН ПРАКТИКАНТТАРЫНА ЖУМУШ ОРДУНДА ОКУТУУНУН АЛКАГЫНДА ӨТКӨРҮЛГӨН ВЕБИНАР

“Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери 2025-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин кесиптик-профилдик практикасын өтөө мезгилинде пландалган жумуш ордунда окутуу планынын алкагында онлайн-вебинарга катышышты. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу М. Нурматова “Педагогикалык изилдөөнүн жыйынтыктарын чогултуу, талдоо, жыйынтыктоо” темасындагы вебинарды Zoom платформасында өткөрдү. Иш-чаранын жүрүшүндө практиканттар менен бирге төмөнкү маселелер талкууланды: • Практиканттардын изилдөө материалдарынын мазмуну менен таанышуу; • Алынган жыйынтыктарды талдоо; • Берилген изилдөө материалдарынын (анкета жыйынтыгы, байкоо жазуусу, сурамжылоонун таблицасы) негизинде жыйынтык чыгарып, аны илимий тилде жазуу; • Изилдөөнүн жыйынтыктарынын сандарын (процент, график, диаграмма) туура көрсөтүү жана аларга түшүндүрмө берүү; • Ар бир таблица же диаграмма боюнча 2–3 негизги корутунду жазуу. Практиканын жыйынтыгында практиканттарга илимий иштеринин жыйынтыктарын тиешелүү талаптарга ылайык даярдоо боюнча тапшырмалар берилди.