1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

153

МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ КАФЕДРАСЫНДА ДУАЛДЫК ОКУТУУ ИШКЕ АШЫРЫЛУУДА

Агартуу министри Догдуркул Кендирбаеванын «Окуу процессине дуалдык окутууну киргизүү жөнүндө» программасын ишке ашыруу максатында төртүнчү курстун студенттерине кафедра жана мектеп тараптан тажрыйбалуу насаатчылар бекитилип, алар окуучуларга математика сабактарын окутууда мугалимдерге жардамчы мугалим катарында иштеп жатышат. Кафедранын методисттери мектеп мугалимдери менен тыгыз байланышта иштеп, студенттердин сабактарына үзгүлтүксүз катышып турушат. Бул аракет жаштарды келечектеги кесиби менен жакындан тааныштырып, эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүү болууга өбөлгө түзүп, келечектеги мугалимдердин кесиптик чеберчилигин арттырат.