1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

154

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН "УЛУТТУК ДЕМ - ДҮЙНӨЛҮК БИЙИКТИК" УҢГУЖОЛУ ТЕМАСЫНДА КУРАТОРДУК СААТ ӨТҮЛДҮ 

Кыргыз Республикасынын Президенти Садыр Жапаровдун 2024-жылдын 18-декабрындагы №369 "Улуттук дем – дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу жөнүндө Жарлыгын ишке ашыруу максатында жана бул багытта аткарылуучу иш-чаралардын планынын негизинде Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман ФМББ(М)-1-23 тайпасына Кыргыз Республикасынын "Улуттук дем - дүйнөлүк бийиктик" уңгужолу деген темада куратордук саат өттү.      Куратордук сааттын негизги максаты – студенттерди улуттук уңгужол менен тааныштыруу, анын маанисин түшүндүрүү, багыттары жана Кыргыз элинин руханий жаңылануусуна, улуттук баалуулуктарды сактоого багытталган принциптерди талкуулоо болду. Куртордук сааттын жүрүшүндө студенттер топторго бөлүнүп, Манастын жети осуятын, улуттук дем түшүнүгүн жана жарлыкта камтылган жаңы терминдерди талкуулашты. Алар өз ойлорун бөлүшүп, улуттук дөөлөттү сактоо, маалыматтык коопсуздук, экологиялык тарбия жана ак ниет эмгек сыяктуу маселелер боюнча активдүү катышышты.Куратор өз сөзүндө: "Бул уңгужол биздин элибиздин келечегинин символу. Улуттук демди бекемдеп, дүйнөлүк бийиктикке умтулсак, Кыргызстан күчтүү мамлекет катары өнүгөт" деп баса белгиледи.