1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

6 месяцев назад

133

ИЛИМИЙ-ПЕДАГОГИКАЛЫК ПРАКТИКАГА БАГЫТ БЕРҮҮЧҮ ОНЛАЙН КОНФЕРЕНЦИЯ ИЙГИЛИКТҮҮ ӨТТҮ

2025-жылдын 13-октябрында Б. Осмонов атындагы ЖАМУнун Үзгүлтүксүз билим берүү институтунда 550200 «Физика-математикалык билим берүү» багытынын математика профилинин Ммс-1-24 тайпасынын магистранттарына арналган илимий-педагогикалык практикага багыт берүүчү конференция Zoom платформасы аркылуу онлайн форматта ийгиликтүү уюштурулуп, өткөрүлдү. Практиканын мөөнөтү: 2025-жылдын 13-октябрынан 8-ноябрына чейин. Конференцияны практикаларды уюштуруу үчүн жооптуу, математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова М.Н. уюштуруп, алып барды. Иш-чарага илимий билим берүү өндүрүштүк комплекстин карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практикаларды уюштуруу бөлүмүнүн башчысынын милдетин аткаруучу Жолдошалиева Н.С., Академиялык саясат департаментинин директору, п.и.к., доц. Турдубаева Б.М. катышып, өз ойлорун билдиришти. Конференциянын жүрүшүндө магистранттарга практиканын максаты, милдеттери, жол картасы, күндөлүк толтуруу тартиби тууралуу кеңири маалымат берилип, илимий-педагогикалык практиканын өзгөчөлүктөрү жана маанилүүлүгү белгиленди.