- Институттар
- Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
«ИЗИЛДӨӨДӨ КОНСТАТАЦИЯЛООЧУ ЭТАПТЫ ӨТКӨРҮҮ» ТЕМАСЫНДА ОНЛАЙН-ВЕБИНАР ӨТКӨРҮЛДҮ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университети” илимий-билим берүү өндүрүштүк комплексинин Э. Уметов атындагы педагогикалык институтунун ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери 2025-жылдын 29-октябрынан 1-ноябрына чейин кесиптик-профилдик практикасын өтөө мезгилинде пландалган жумуш ордунда окутуу планынын алкагында онлайн-вебинарга катышышты. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын окутуучусу Эрматали уулу Баяман тарабынан “Изилдөөдө констатациялоочу этапты өткөрүү” темасында вебинар өткөрүлдү. Онлайн-вебинардын жүрүшүндө практиканттар изилдөө темасын жана анын көйгөйүн талдоо; Теманын изилдөө объектисин, предметин, максатын жана милдеттерин аныктоо. Изилдөөнүн актуалдуулугун баалоо; Изилдөө кадамдарын иреттөө: даяр тизмедеги аралашып кеткен кадамдарды (таанып-билүү, маалымат топтоо, талдоо, жыйынтык чыгаруу) туура ырааттуулукка коюу. Жеке изилдөө көйгөйлөрүнө милдеттерди коюу маселелери талданып, тапшырмалар берилди.