- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
БАШКАРУУ ПРАКТИКАСЫ ЖЫЙЫНТЫКТАЛДЫ

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин Ммаг-1-24 тайпасынын магистранттары окуу процессинин графигине ылайык, башкаруу практикасын ийгиликтүү аякташты. Бул маанилүү этап жыйынтыктоочу конференция менен жыйынтыкталды.
Конференциянын жүрүшүндө магистранттар башкаруу практикасын өтөөгө арналып иштелип чыккан “жол картасынын” негизинде жүргүзүлгөн иштерди кеңири баяндап, ар бири өзүнүн иш-аракеттерин презентациялар аркылуу сунуштады.
Ар бир магистрант практика өтөгөн билим берүү мекемесинин башкаруу системасына жана ишмердүүлүгүнө талдоо жүргүзүп, өз байкоолору менен бөлүшүп, кесиптик көз караштарын ортого салышты. Алар ошондой эле билим берүү уюмдарынын ар кандай көрсөткүчтөрүн, мисалы, жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыктарын, олимпиадаларга катышуу деңгээлин, мугалимдердин "Жыл мугалими" конкурсундагы ийгиликтерин, ошондой эле PISAга даярдыктын жүрүшүн талдап чыгышты. Бул талдоолор диаграммалар жана таблицалар менен коштолуп, конструктивдүү талкууларга жол ачты.
Магистранттар бул практика кесиптик өнүгүүсүнө жана теория менен практиканы айкалыштыруу жөндөмүнө чоң түрткү болгонун белгилешти. Жыйынтыктоочу конференция тажрыйба алмашуунун аянтчасына айланып, магистранттар үчүн баалуу жана маанилүү кадам болду.