1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

3 месяца назад

78

1

Магистранттар илимий-изилдөө практикасына жиберилди

2025-жылдын 19-майынан 14-июнуна чейин Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттары илимий-изилдөө практикасын өтүшөт. Окуу процессинин графигине ылайык, 17-майда аталган практика боюнча уюштуруучулук конференция өткөрүлдү.

Конференцияда магистердик программанын практикалар боюнча жооптуу, ага окутуучу М.Н.Нурматова илимий-изилдөө практикасынын максаттары жана милдеттери жөнүндө маалымат берип, анын илимий ишмердүүлүктүн алгачкы этабы катары маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле магистранттарга практиканы натыйжалуу өтүү үчүн жол картасы сунушталып, аткарыла турган иштер боюнча кеңири түшүндүрмөлөр берилди. Мындан сырткары, практика учурунда жүргүзүлгөн иш-аракеттерди туура жана так чагылдыруу үчүн атайын иштелип чыккан күндөлүккө маалымат киргизүүнүн тартиби боюнча көрсөтмөлөр берилди