- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Математика сабактарынын структуралык өзгөчөлүгүн талдоо семинары

2025-жылдын апрель айында Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын адаптациялык практикасынын алкагында ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттери үчүн методикалык семинар уюштурулду. "Сабактын тибине жараша, анын структуралык өзгөчөлүктөрүн талдоо" темасында өткөн бул иш-чараны кафедранын ага окутуучусу М.Нурматова жетектеди.
Семинардын жүрүшүндө студенттер психологиялык тесттин негизинде беш фигуранын арасынан тандоо жүргүзүү менен беш топко бөлүндү. Ар бир топко тиешелүү сабак тиби боюнча иштелмелер берилди жана алар тиркемелер аркылуу кайтарым байланыш менен иштешти. Талкууда ар бир сабак тибинин структуралык өзгөчөлүктөрү, максаты, негизги этаптары терең талданды. Ошондой эле Блумдун таксономиясынын методологиялык мааниси да өзгөчө белгиленип, талдоо жүрдү.