1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

65

1

ОшМУнун окутуучулары ЖАМУнун студенттери үчүн конок-лекция өтүштү

2025-жылдын 23-апрелинде Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин 550200 Физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинде билим алып жаткан 1–3-курстун студенттери үчүн Ош мамлекеттик университетинин окутуучулары тарабынан конок-лекциялар өткөрүлдү.

Конок-лекциянын жүрүшүндө ф.-м.и.к., доцент Н.Абдурайимова студенттерге заманбап жасалма интеллект технологияларын колдоно билүүнүн мааниси тууралуу кеңири баяндама жасап, өзгөчө Perplexity жасалма интеллект платформасы аркылуу илимий макала жазуу стратегияларына басым жасады. Ал студенттерге илимий жазуунун этаптарын түшүндүрүп, так жана натыйжалуу суроо берүү, маалыматты критикалык жактан баалоо, алынган маалыматты логикалык системага келтирүү боюнча практикалык кеңештерди берди.

Ошондой эле окутуучу Ж.Токтомуратова өз баяндамасында "Окутуунун инновациялык ыкмалары" деген тема менен чыгып, билим берүү процессинде студенттин активдүүлүгүн арттыруучу жана чыгармачыл ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүчү методдорду тааныштырды. Ал заманбап билим берүүдө интерактивдүү ыкмалардын ролун жана алардын натыйжалуулугун практикалык мисалдар менен далилдеп көрсөттү.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер өз суроолорун берип, тажрыйбалуу окутуучулар менен түз баарлашуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Конок-лекциялар студенттердин илимий маданиятын, изденүү жөндөмүн жана инновациялык ой жүгүртүүсүн өнүктүрүүгө чоң өбөлгө түздү.