1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

18

1

Практика учурундагы сабак өтүүдөгү методикалык кыйынчылыктар: интерактивдүү талкуу жана эксперттик сунуштар

2025-жылдын 12-апрель күнү Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы Педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында кесиптик-профилдик практика алкагында “Практика учурунда сабак өтүүдөгү методикалык кыйынчылыктар жана алардын чечүү жолдору” деген темада тегерек стол өткөрүлдү.

Иш-чара ФМББ(М)-1-21 тайпасында билим алып жаткан студенттер үчүн кафедранын ага окутуучусу М.Нурматованын жетекчилиги алдында уюштурулду. Тегерек столдун жүрүшүндө студент-практиканттар өздөрүнүн практика учурунда туш болгон методикалык кыйынчылыктарын талдап, топтук талкуу форматында алардын мүмкүн болгон себептерин жана чечүү жолдорун сунушташты.

Тегерек стол интерактивдүү форматта өткөрүлүп, катышуучуларга жекече жана топ менен иштөө, пикир алмашуу, бири-биринин эмгегин баалоо мүмкүнчүлүктөрү түзүлдү. Мындан тышкары, презентация жана проблемалык учурларды талдоо ыкмалары колдонулду.

Тегерек столго ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери да активдүү катышышып, 3-4-курстардын студенттери өз ара карым-катышта иш алып барышты.

Иш-чарага окуу жайдын “Карьераны өнүктүрүү жана өндүрүштүк практиканы уюштуруу” бөлүмүнүн башкы адиси Н.С.Жолдошалиева жана кафедранын ага окутуучусу М.Ш.Маткаримова катышып, өздөрүнүн баалуу пикирлерин билдиришти.