- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
«СТУДЕНТТИН ИЙГИЛИГИ–АТА-ЭНЕ МЕНЕН ЖОЖДУН БИРИМДИГИНДЕ» АТАЛЫШЫНДАГЫ ЖЫЙНАЛЫШ УЮШТУРУЛДУ

2025-жылдын 17-апрелинде математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында математика адистигинде окуп жаткан студенттердин ата-энелери менен «Студенттин ийгилиги – Ата-эне менен ЖОЖдун биримдигинде” аталышындагы ата-энелер жыйналышы болуп өттү. Жыйналышка кафедра башчынын убактылуу милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова, өндүрүштүк практика боюнча кафедрадан жооптуу Ш.К.Биримкулов, ата-энелер жана тайпалардын кураторлору катышты.
Жыйналыштын максаты:ата-энелер менен кафедранын кайтарым байланышын бекемдөө жана биргеликте иш алып баруу.
Жыйналыштын жүрүшүндө кафедранын тарыхы, профессордук-
окутуучулук курам, материалдык-техникалык база, даярдалып жаткан адистиктер, илимий багыттар, ийримдер, студенттердин жетишкендиктери, тайпалардагы окуу төлөмүнүн төлөнүшү жана катышуу, жетишүүсүндөгү артыкчылык менен кемчиликтери жана avn билим берүү порталы боюнча кенен маалыматтар берилди. Кафедранын стратегиялык өнүгүү планы менен тааныштырылды жана ата-энелерден анкета алынды.
Өнөрлүү студенттер тарабынан комуз күүлөрү жана ата-эне жөнүндө көркөм окуулар аткарылды.
Жыйналыштын соңунда мыкты ийгиликтерди жараткан жана окуудагы алдыңкы көрсөткүчтөргө жетишкен студенттердин ата-энелерине кафедра тарабынан ыраазычылык каттар жана белектер тапшырылды. Ата-энелер окуу жайдын жетекчилигине, билим жана тарбия берген окутуучуларга терең ыраазычылыктарын айтышты, окуу жай менен мындан ары да тыгыз байланышта болоорун билдиришти.