1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 месяц назад

67

1

ИЙГИЛИК ЖАРАТУУ ӨЗ КОЛУҢДА” АТАЛЫШЫНДА БҮТҮРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан   2025 -жылдын 19 – мартында  бүтүрүүчүлөр менен онлайн жана офлайн форматта жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга бүтүрүүчүлөр, профессордук-окутуучулук курам жана студенттер катышты.

Жолугушууда кафедра башчынын убактылуу милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова өз сөзүндө кафедранын бүтүрүүчүлөрү мектеп мугалиминен ЖОЖдун ректоруна чейинки ар түрдүү кызматтарда үзүрлүү эмгектенип жаткандыгына жана бүтүрүүчүлөрдүн ийгиликтерине токтолуп өттү. Ошондой эле бүтүрүүчүлөргө кесипкөй адис катары келечек муундарга билим берүүнүн алдыңкы технологияларын ийгиликтүү колдонгон жана өлкөбүздүн өнүгүшүнө салым кошкон мыкты адистердин катарында болушуңарга  ишенем деген оюн белгиледи.

Бүтүрүүчү А.Садыкова  кезегинде адистикти жана окуу жайды туура тандап, татыктуу билимге ээ болгондугун айтып өттү жана жалпы профессордук-окутуучулук курамга ыраазычылыгын билдирди.

Студенттер тарабынан жолугушууга келген бүтүрүүчүлөргө кызыктуу суроолор берилип,  суроо-жооп иретинде жагымдуу пикир алышуу болду. Бүтүрүүчүлөр тараптан студенттерге кесипке кызыгуу, мыкты адис болуу жөнүндө мотивациялык пикирлер айтылды.

Жолугушуунун соңунда бүтүрүүчүлөр менен байланыш бул жолугушуу менен токтоп калбай кийинки жылдары да улана берерин кафедра башчынын убактылуу милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова белгилеп өттү. Кафедранын атынан даярдалган ыраазычылык каттар жана белектер бүтүрүүчүлөргө тапшырылды. Профессордук-окутуучулук курамга жана студенттерге ийгиликтерди каалоо менен жылуу маанайда уюштурулган жолугушуу үчүн терең ыразычылыктарын  бүтүрүүчүлөр билдирип кетишти.