1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

383

1

ИШ БЕРҮҮЧҮЛӨР МЕНЕН ЖОЛУГУШУУ ӨТКӨРҮЛДҮ

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын профессордук-окутуучулук курамы тарабынан иш берүүчүлөр менен жолугушуу өткөрүлдү. Жолугушууга Жалал-Абад эл аралык университетинин ректору, ф.-м.и.к., доцент М.Р.Нарбаев, БАЭМУнун ректору, ф.-м.и.к., доцент Т.К.Нарымбетов, мектеп директору К.Азымбаев жана бүтүрүүчү курстун студенттери катышышты.

Жолугушууда стандартка ылайык бакалавр жана магистратура  багытындагы окуу планы, негизги билим берүү программалары боюнча талкуу уюштурулуп иш берүүчүлөр тарабынан пикир, сунуштар айтылды. Бүтүрүүчү курстун студенттери жана иш берүүчүлөр ортосунда суроо-жооп уюштурулуп, студенттер суроолоруна жооп алышты. Жолугушуунун аягында кафедра башчынын убактылуу милдетин аткаруучу М.К.Бекназарова тарабынан иш берүүчүлөргө “Ыраазычылык каты” тапшырылды.