- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Магистранттардын илимий-изилдөө практикасы: уюштуруу жана даярдык

2025-жылдын 24-мартынан 26-апрелине чейин Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ФМББ(М)маг-1-24 тайпасынын магистранттары илимий-изилдөө практикасын өтөшөт. Окуу процессинин графигине ылайык, бул практиканын уюштурулушу боюнча конференция өткөрүлдү.
Конференциянын жүрүшүндө магистердик программанын практикасы боюнча жооптуу, ага окутуучу М.Н.Нурматова илимий-изилдөө практикасынын максаттары жана милдеттери жөнүндө маалымат берип, мурдагы практикалардын алкагында жүргүзүлгөн изилдөөлөрдүн логикалык уландысы катары анын маанилүүлүгүн белгиледи. Ошондой эле магистранттарга практиканы натыйжалуу өтөөгө көмөктөшүүчү жол картасы сунушталып, практика учурунда аткарылуучу иш-чаралар тууралуу түшүндүрмөлөр берилди. Мындан тышкары, практика процессинде жүргүзүлгөн иш-аракеттерди туура жана так чагылдыруу максатында атайын иштелип чыккан күндөлүккө маалыматтарды киргизүү тартиби боюнча көрсөтмөлөр берилди.