1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

127

МАТЕМАТИКА ЖАНА МАТЕМАТИКАЛЫК МОДЕЛДЕШТИРҮҮ КАФЕДРАСЫНДА АЧЫК САБАК ӨТҮЛДҮ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын 2023-2024-окуу жылынын 1-жарым жылдыгына пландаштырылган ачык сабактардын графигине ылайык, 2-курстун ФМББ(М)-1-22 тайпасына Физика-математикалык билим берүү (математика профили боюнча) окутуунун методикасы дисциплинасы боюнча “Математиканы  окутууну уюштуруунун формалары. Сабак жана анын структурасы” деген темада кафедранын ага окутуучусу М.Н.Нурматова ачык сабак өттү.

         Ачык сабактын максаты студенттердин позициясынан коюлуп, сынчыл ой жүгүртүүнү өнүктүрүүгө багытталгандыгы, инсерт стратегиясын колдонуу менен, студенттердин маалымат менен иштөөгө шарттар түзүлгөндүгү, студенттердин өз ара бири-бири менен иштөөсү, окутуучу менен студенттердин ортосунда иш-аракеттерди уюштурууда шыктандыруучу чөйрө камсыздалгандыгы, ресурстар күтүлүүчү натыйжага жетүүгө ылайык пландаштырылгандыгы баса белгиленди.

Студенттер ачык сабакка активдүү катышышты, өз ойлорун эркин айтып, сабакка кызыгуу деңгээли жогору экендиги байкалды.

Ачык сабакка кафедранын доценти А.Ураимхалилова, окутуучу М.Бекназарова катышышты. Кафедранын ачык сабактарга онлайн байкоо жүргүзүү боюнча формасы толтурулуп, кайтарым байланыш берилди.