- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
ДУАЛДЫК ОКУТУУНУН ИШКЕ АШЫРЫЛЫШЫ

2025-жылдын 18-мартында Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы базалык мектептер менен кызматташтыкты өнүктүрүү жана студенттерге методикалык колдоо көрсөтүү максатында ЖАМУнун Инновациялык мектебинин жамааты жана аталган мектепте практикадан өтүп жаткан студенттердин катышуусунда семинар уюштурду.
Семинар “Мектепте сабакты пландоо: максаттан натыйжага карай” темасында кафедранын ага окутуучусу М.Н. Нурматова тарабынан өткөрүлүп, анын негизги максаты сабактарды натыйжалуу пландаштырууда SMART критерийлерине ылайык максаттарды аныктоонун маанисин, Блумдун таксономиясынын ролун талдоо жана окутуунун эффективдүү ыкмаларын тандоодо, Глассердин пирамидасынын принциптерин колдонуу болду.
Семинарда Plickers карточкалары пайдаланылып, катышуучулардын мазмунду кабыл алуу даярдыгын аныктоого шарт түзүлдү. Ар бир катышуучу (мугалимдер жана практиканттар) өздөрүнүн предмети боюнча сабактын максаттарын формулировкалап, андан соң Блумдун таксономиясындагы этиштерге таянып, аларды тактап чыгышты. Ошондой эле тапшырмалардын деңгээлдери классификацияланды.
Глассердин пирамидасы менен таанышуу учурунда эффективдүү окутуунун негизги факторлору катары активдүү окутуу, интерактивдик методдор жана индивидуалдык мамиле белгиленип, алардын билим берүү процессиндеги мааниси талкууланды.
Катышуучуларга жекече жана топтук иштерди жүргүзүүгө шарттар түзүлүп, семинардын соңунда кийинки жолугушуунун темасы жана максаты “чыгуу билети” ыкмасы аркылуу аныкталды.