1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

47

1

Окутуу процессинде калыптандыруучу баалоо техникаларын колдонуунун натыйжалары

2025-жылдын 17-февралынан 22-мартына чейин ФМББ(М)-1-22 тайпасы окуу процессинин графигине ылайык, кесиптик-базалык практикадан өтүп жатат. Ушуга байланыштуу, Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин Э. Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасы тарабынан базалык мектептер менен өз ара кызматташууну жакшыртуу жана студенттерге методикалык колдоо көрсөтүү максатында вебинар уюштурулду.

Вебинар “Окутуу процессинде калыптандыруучу баалоо техникаларын колдонуунун натыйжалары” темасында кафедранын ага окутуучусу М.Н. Нурматова тарабынан Zoom платформасында өткөрүлдү. Иш-чаранын жүрүшүндө "Miro" интерактивдүү тактасы колдонулуп, катышуучуларга жекече жана топтук иштөөгө шарт түзүлдү.

Вебинарга Жалал-Абад шаарындагы №8, №9, №19 мектептеринин, ЖАМУнун Инновациялык мектебинин, Сузак районундагы Эрматов атындагы жатак-мектептин, Базар-Коргон шаарындагы Ө.Атабекова мектебинин математика мугалимдери, ошондой эле ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери катышты.

Вебинар калыптандыруучу баалоо техникаларын практикалык колдонууга багытталып, студенттердин практика учурунда өзүн-өзү баалоо механизмдерин өздөштүрүүсүнө көмөк көрсөттү. Практика аяктаган соң, студенттер өзүнө-өзү баа берүү ыкмаларын колдонуп, отчет даярдоо тапшырмасы менен камсыздалды.

Иш-чаранын жүрүшүндө студенттер мугалимдер менен биргеликте иш алып барып, кесипкөйлүк тажрыйбасын арттыруу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту. Вебинар өз максатына жетти.