- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Сырттан окуу бөлүмүнүн магистранттары башкаруучулук практикасына жөнөтүлдү

Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин үзгүлтүксүз билим берүү институтунун “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасында окуу процессинин графигине ылайык, Ммс-1-24 тайпасынын магистранттары 2025-жылдын 3-мартынан 15-мартына чейинки мезгил аралыгында башкаруучулук практикадан өтүүсү боюнча онлайн-конференция уюштурулду.
Конференциянын жүрүшүндө магистердик программалардын алкагында практиканын уюштурулушуна жооптуу ага окутуучу М.Н.Нурматова башкаруучулук практиканын максаттары жана милдеттери тууралуу маалымат берип, магистранттардын практиканы натыйжалуу өтөөсүнө көмөктөшүүчү жол картасы менен тааныштырды. Ошондой эле практика учурунда аткарылган иш-аракеттерди чагылдырган маалыматтарды башкаруучулук практика үчүн атайын иштелип чыккан күндөлүккө туура жана так киргизүү боюнча түшүндүрмөлөр берилди.