1. Башкы бет
  2. Институттар
  3. Э.Уметов атындагы педагогикалык институт
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 год назад

256

1

МАТЕМАТИКА ЖУМАЛЫГЫ

Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун  Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин “Математика жана ММ” кафедрасынын окутуучулар жамааты жана улук окутуучу Ш.К.Биримкуловдун жетекчилиги астында  ФМББ(М)-1-21 тайпасынын жалпы студенттери тарабынан К.Эрматов атындагы №75 мектебинде математика жумалыгы уюштурулуп, анын алкагында бир канча иш чаралар өткөрүлдү.

Алардын биринчиси 5-6-класстардын арасында спорттук математикалык эстафета болуп өттү. Эстафетада ар бир класстан бирден курама командалар катышып, капта секирүү, аркан тартыш, топ менен чуркоо, скакалкада секирүү жана математикалык логикалык суроо-жоопто күч сынашышты.