1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 дня назад

49

1

ЖАРКЫН ЭЛЕС

Э.Уметов атындагы педагогикалык факультеттин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын доценти, педагогика илимдеринин кандидаты Аванова Жылдыз Авановнанын дүйнөдөн өткөндүгүнө байланыштуу, эжекебиздин жолдошу профессор К.С.Алыбаев агайга, уулдарына, жакындарына ЖАМУнун эмгек жамааты терең кайгыруу менен көңүл айтат.

Ж.А.Аванова 1953-жылы 12-октябрда азыркы Ноокен районуна караштуу Масы айылында кызматчынын үй бүлөсүндө  туулган.

1960-1970-жылдары Ноокен районундагы Ноокен орто мектебинде окуп, артыкчылык менен мектепти аяктаган.

1970-жылы Ош мамлекеттик пединститутунун физика-математика факультетине  тапшырып, мыкты билим алып, 1974-жылы аталган окуу жайды ийгиликтүү аяктаган.

1976-1979-жылдары Кара-Суу районуна караштуу Ушинский атындагы орто мектепте мугалим, тарбиялык иштер боюнча директордун орун басары, окуу иштери боюнча директордун орун басары болуп иштеген.

1979-жылы Аксы районундагы Кызыл-Жар орто мектебинде директорлук кызматты аркалап, ден соолугуна байланыштуу Пушкин атындагы орто мектепке математика мугалими болуп которулган.

Ж.А.Аванова  өзүнүн илимий-педагогикалык ишмердүүлүгүн 1997-жылдан тартып 2003-жылга чейин Жалал-Абад мамлекеттик университетинде жүргүзгөн: окуу-методикалык бирикменин методисти, улук методист, “Жогорку математика” кафедрасында окутуучу, улук окутуучу.

2003-2005-жылдар аралыгында эмгек ишмердүүлүгүн Ош технологиялык университетинин билим сапаты бөлүмүнүн жетектөөчү адиси кызматында уланткан.

Аванова Жылдыз Авановна 2003-2008-жылдары ЖАМУнун “Илим жана аспирантура” бөлүмүнүн изденүүчүсү болгон жана өзүнүн көп жылдык тажрыйбасын илимий негизде жыйынтыктап, 2008-жылы 13.00.02 – окутуунун теориясы жана методикасы (математика) боюнча кандидаттык – окумуштуулук даражасын алуу үчүн педагогика илимдеринин доктору, профессор, КРнын улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти, Кыргыз Эл мугалими Исак Бекбоевдин жетекчилигинде ийгиликтүү коргогон. Диссертация “Негизги мектепте алгебра сабагын окутууда окуучулардын ой жүгүртүү ишмердүүлүгүн калыптандыруунун илимий-методикалык негиздери” аталышында жазылган.

2005-2012-жылдар аралыгында ЖАМУнун “Жогорку математика” кафедрасынын ага окутуучусу, конкурстук негизде “Жогорку математика” кафедрасынын доценти, “Сынчыл ойлоону өстүрүүнүн өнөрканасынын” илимий-усулдук лабораториясынын жетекчиси, ҮББИнин директорунун орун басары кызматтарында улантып келген.

2012-2016-жылдар аралыгында “Жогорку математика” кафедрасынын башчысы болуп илимий табылгалардын  үстүндө талыкпай эмгектенген.

2016-жылдан тартып “Жогорку математика жана математиканы окутуунун технологиялары” кафедрасынын, 2023-жылдан бери “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасынын дипломдуу доценти кызматында үзүрлүү эмгектенип келди.

Аванова Жылдыз Авановна билим, илим тармагында өзгөчө орду бар инсан болгон.

Анын эмгеги ЖАМУнун Ардак грамоталары (1999, 2002, 2006, 2009, 2010, 2014), ЖАМУга эмгек сиңиргендиги үчүн медалы (2013), Жалал-Абад областтык мамлекеттик администрациясынын Ардак грамотасы (2003), КРнын билим жана илим министрлигинин Ардак грамоталары (2004, 2012), “КРнын билим берүүнүн мыктысы” төш белгиси (2007) менен бааланган.

ЖАМУда эмгектенген мезгилдерде өткөрүлгөн конкурстарга катышып, ар бир катышуусунун жыйынтыгы ийгиликтүү деп жеңүүчү катары бааланып келген.

Ж.Аванова студенттерди жана мектеп мугалимдерин окуу-методикалык жактан камсыздоого жана илимий изилдөөлөрүнүн натыйжаларын басмадан чыгарууга көп аракеттерди жасап келген. Ал 40 чакты илимий макалаларды жана 10 го жакын окуу-методикалык колдонмо, куралдарды басмадан чыгарган.

 Жылдыз Авановнанын мындай ийгиликтерге жетишүүсү – биринчи кезекте өзүнүн үзүрлүү, талыкпас эмгеги болсо, экинчиси өмүрлүк жолдошу – “Фундамендалдык, колдонмо изилдөөлөр жана инновациялык технологиялар” илим-изилдөө институтунун директору, Кыргыз Республикасынын билим берүүсүнө эмгек сиңирген кызматкер, профессор Алыбаев Курманбек Сармановичтин дайыма колдоосу. Үч уулга татыктуу тарбия беришкен, алардын ар бири түрдүү тармактарда ийгиликтүү эмгектенип келе жатышкандыгы, алардын турмуш жолундагы ийгиликтерге жетишкендиги агай менен эжекенин тарбиясынын, ак эмгегинин жыйынтыгы 2018-жылы коомдун өнүгүшүнө кошуп жаткан барандуу салымы үчүн “Үлгүлүү үй-бүлө” номинациясы менен лауреат деп табылган.

Жылдыз Авановна өлкөнүн илим жаатында, физика-математикалык билим берүү багытынын математика профили боюнча бакалавр, магистр квалификациясын даярдоодо, ЖАМУнун өсүп-өнүгүүсү  үчүн кошкон салымы эбегейсиз.

Жылдыз Авановна жоопкерчиликтүү, кыраакы, чыгармачыл илимпоз, күчтүү математик-методист катары студенттердин, магистранттардын илимий иштерине багыт берип, өздөрүнүн үстүнөн иштөөгө шыктандырган адис, инсан катары  биздин студенттердин, жалпы жамааттын жүрөгүндө түбөлүккө сакталат.

Жаткан жериниз жайлуу болсун, Жылдыз Авановна!!!