- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Долбоордук ишмердүүлүктүн технологиясын окуу процессиндеги орду
2024-жылдын 26-декабрында Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу М.Н.Нурматова тарабынан физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин студенттерине иш-чара өткөрүлдү.
Иш-чаранын максаты – ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттеринин долбоордук ишмердүүлүктүн маанисин түшүнүүсүн, математиканы окутуу методикасы дисциплинасында окутуунун инновациялык технологияларын өздөштүрүү үчүн долбоордук ишмердүүлүктүн технологиясынын окутуу процессинде ишке ашыруу.
ФМББ(М)-1-23 тайпасынын студенттерине “Математикадагы оригами” темасында долбоордук ишмердүүлүктү ишке ашыруу максатында группанын студенттери топторго бөлүнүп, долбоордук ишмердүүлүктүн этаптарына ылайык өздөрүнүн алган жыйынтыктарын презентациялоо үчүн 2 жума убакыт берилип, бул аралыкта тапшырманы аткарып продуктуну көрсөтүү убактысы белгиленди.
Иш-чарага ФМББ(М)-1-22 тайпасынын студенттери да катышышты. Эки тайпанын студенттеринин ортосунда бири-бири менен пикир алышууга мүмкүнчүлүк жаралды.