1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

2 месяца назад

35

1

Ачык сабак

Э.Уметов атындагы математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын улук окутуучусу Нурматова Майрамгул Нарбековна ФМББ(М)-1-22 тайпасына 2024-жылдын 31 октябрында “Көп грандыктарды жана алардын беттеринин аянттарын окутуу” темасында ачык сабак өттү.

Студенттердин өз алдынча изденүүгө, сынчыл ой жүгүртүүгө, мазмунду окутуудагы спецификалык өзгөчөлүктөрдү байкоого түрткү берүү максатында, лекция логикалык бири-бирин толуктоочу курамдык бөлүктөргө бөлүнүү менен уюштурулду. Лекциянын темасына коюлган максатка жетүүгө зиг-заг стратегиясы, ПСМТ кайтарым байланышка багытталган окутуунун интерактивдик ыкмасы мүмкүнчүлүк берди.

Илимий методдордун, эмпирикалык методдордун, дегеле, геометрия сабагында аталган темаларды окутууда колдонулуучу методдордун орду жана мааниси талданып, калыптандыруучу баалоонун эки жылдыз бир каалоо техникасы колдонулду.