- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
ТАШКЕНТТЕГИ ЭЛ АРАЛЫК КОНФЕРЕНЦИЯГА КАТЫШУУ
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын ага окутуучусу, ф.-м.и.д., проф.К.С.Алыбаевдин аспиранты М.Н.Нурматова 2024-жылдын 24-октябрынан 26-октябрына чейин Мирзо Улугбек атындагы Өзбекстан Улуттук университети, Өзбекстан Республикасынын В.И.Романовский атындагы математика Институту, “Академшаарчадагы Математикалык борбор” дүйнөлүк деңгээлдеги Математикалык борбор, РАН Сибирдеги бөлүмүнүн С.Л.Соболев атындагы математика Институту тарабынан Ташкент шаарында өткөн “Математикалык физиканын классикалык эмес теңдемелери жана алардын колдонулуштары” аталыштагы эл аралык илимий конференцияга катышып келди.
Конференция Өзбекстан Республикасынын Илимдер академиясынын академиги Тухтамурад Джураевич Джураевдин туулган күнүнүн 90 жылдыгына арналды.
Конференцияга Россия, Болгария, Казакстан, Кыргызстан жана Өзбекстандан өкүлдөр катышты.
М.Нурматова “Динамикалык системалардын теориясы жана оптималдык башкаруу” секциясында “Түгөйлөш комплекстик-түйүндөш бурулуу чекиттери менен сингулярдык козголгон теңдемелердин чечимдеринин асимптотикасы” темада баяндама жасады.