- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
Илимий-педагогикалык практика жыйынтыкталды
Б.Осмонов атындагы ЖАМУнун Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасында окуу процессинин графигине ылайык, ФМББ(М)маг-1-23 тайпасынын магистранттары 2024-жылдын 9-сентябрынан 5-октябрына чейинки аралыкта илимий-педагогикалык практиканын өтөлүшү боюнча конференция өткөрүлдү.
Конференцияда практиканын максат, милдеттерине ылайык, ар бир магистрант практика учурунда аткарган иштери менен бөлүшүп, төмөнкү багыттар боюнча кыскача баяндамаларды жасашты:
Чолпонбай кызы Роза, Исакова Гулжан - бирдиктүү окуу процессин ишке ашырууда тажрыйба алуу (Математиканы мектепте жана жогорку окуу жайда окутуу методикасы боюнча өтүлгөн сабактардын спецификалык өзгөчөлүктөрү);
Алимбекова Жаркын, Рахманалы кызы Нурзада - өз алдынча окуу сабактарын өтүү аркылуу окуу-методикалык жана тарбиялык иштер тармагындагы көндүмдөрдү өздөштүрүү (окуу дисциплиналарынын жумушчу программаларынын структурасы, мазмуну);
Эмилбек кызы Сезимай - окуу-методикалык адабияттарды өз алдынча үйрөнүү (Кафедранын китепкана фондундагы адабияттар менен жана издөө системалары менен иштөө);
Мансурбеков Абдулборий – билим берүү процессинин айрым компоненттерин долбоорлоо (STEM технологиясын колдонуу менен геометрия сабагында Пифагордун теоремасында предмет аралык байланышты ачып берүү);
Баргыбаева Айназик – окутуунун методикалык системасынын айрым элементтерин изилдөө (функционалдык сабаттуулукту калыптандыруунун зарылдыгын аныктоо: ОБЖУБ жана PISA изилдөөлөрү);
Масалбекова Айтурган - инновациялык билим берүү технологияларын ишке ашыруу (компетенттүүлүккө багыттап окутуунун салттуу окутуудан айырмачылыктарын аныктоо).
Конференцияда практиканын жүрүшүндө магистранттарда жаралган суроолор кызуу талкууга алынды. Магистранттарга аткарылган иштерин мындан да жакшыртуу үчүн сунуштар берилди.