- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
АКАДЕМИЯЛЫК МОБИЛДҮҮЛҮК ЖАНДАНУУДА
Э.Уметов атындагы педагогикалык факультетинин ФМББ(М)-1-21 тайпасынын студенти Медетбек кызы Айдай академиялык мобилдүүлүк программасынын алкагында 2023-2024-окуу жылынын күзгү семестринде Ж.Баласагын атындагы Кыргыз Улуттук университетине барып, окуп келди.
ЖАМУнун студенттеринин академиялык мобилдүүлүгүнүн максаттары – студенттерди даярдоонун сапатын жогорулатуу жана кийин аларды ишке орноштуруу, эл аралык жогорку жана кесиптик билим берүү системасына катышуу, студенттердин эл аралык эмгек рыногунда атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн камсыз кылуу, ошондой эле студенттердин кадыр-баркын чыңдоо болуп саналат.