1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

7 месяцев назад

87

1

БҮТҮРҮҮЧҮБҮЗ «ЖЫЛДЫН МЫКТЫ  МУГАЛИМИ» СЫНАГЫНЫН ОБЛУСТУК ЭТАБЫНДА 1-ОРУНДУ ЭЭЛЕДИ

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасынын физика-математикалык билим берүү багытынын математика профилинин ФМББ(М)-1-15 тайпасынын бүтүрүүчүсү, Базар-Коргон районундагы №11 М.Алыкулов атындагы гимназия мектебинин математика мугалими Бегалиева Бермет 2024-жылдын 21-апрелинен 25-май айына чейинки убакытта өткөрүлгөн  «Жылдын мыкты мугалими»  сынагынын областык этабында 1-орунду ээледи жана 1-даражадагы диплом,  Ысык-Көлгө  эс алуу сертификаты менен сыйланды.

Конкурстун максаты болуп башталгыч, негизги, жалпы орто билим берүү уюмдарынын мамлекеттик жана муниципалдык жогорку кесипкөй кадрдык курамын түзүү жолу менен билим берүү процессинин сапатын жакшыртууга багытталган кадр саясатын ишке ашыруу үчүн алдынкы педагогикалык идеяларды берүү жана жайылтуу көндүмдөрүнө жана жөндөмдөрүнө, билим берүүдө заманбап билим берүү технологияларын жана методикаларын пайдалануу боюнча натыйжалуу практикаларга ээ таланттуу, чыгармачыл педагогдорду аныктоо болуп саналат.

Конкурстун милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:

·        мугалимдердин социалдык статусун жана кесиптик компетенттүүлүгүн жогорулатуу;

·        мугалимдик кесипти жайылтуу;

·        билим берүүнү өнүктүрүүнүн заманбап тенденцияларына ылайык жалпы билим берүү уюмдарынын мыкты мугалимдеринин алдынкы инновациялык педагогикалык тажрыйбасын жайылтуу;

·        билим берүү уюмдарын ар тараптуу өнүктүрүүгө мамлекеттик бийлик органдарын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарын тартуу.

Математика жана математикалык кафедрасы, бүтүрүүчү Бегалиева

Берметке сынактын финалдык (республикалык) этабына катышуусуна  ийгиликтерди каалайт.