- Факультеттер
- Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
- Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
- Жаңылыктар
СТУДЕНТТЕРДИН КЕЗЕКТЕГИ БАЯНДАМАЛАРЫ УГУЛДУ
Б. Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин «Асимптотикалык, компьютердик, топологиялык методдор жана математиканы окутуунун технологиялары» лабораториясында ф.-м.и.д., проф. К.С.Алыбаевдын жетекчилиги менен лабораториянын иш планына ылайык, студенттик курамдын кийинки кезектеги мүчөсүнүн баяндамасы окулду.
2024-жылдын 15-майында ФМББ(М)-1-22 группасынын студенти Тамчиева Айназик “Функцияны мүнөздөөчү касиеттер” темасында даярдаган баяндамасы угулду, баяндамачы аталган тема боюнча теориялык материалдарга: функциянын аныкталуу, маанилеринин областы, нөлдөрү, октор менен кесилишүү чекиттери, жуптугу жана тактыгы, мезгилдүүлүгү, өсүү, кемүү аралыктары ж.б. сыяктуу касиеттердин аныктамалары менен аларга мисал келтирип, бардык касиеттерге токтолду.
Студенттик курамдын бардык мүчөлөрү семинарга активдүү катышышып кызуу талкуу жаратылды.
К.С.Алыбаев баяндаманын мазмуну боюнча аткарылган ишке баа берип, баяндамачынын кийинки аткарыла турган иштерине багыт берди.