1. Башкы бет
  2. Факультеттер
  3. Э. Уметов атындагы педагогикалык факультети
  4. Математика жана математикалык моделдештирүү кафедрасы
  5. Жаңылыктар

1 неделю назад

84

1

Илимий-изилдөө практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү

Б.Осмонов атындагы Жалал-Абад мамлекеттик университетинин “Математика жана математикалык моделдештирүү” кафедрасында 2024-жылдын 3-майында 2-курстун Ммаг-1-22 тайпасынын магистранттарынын илимий-изилдөө практикасынын жыйынтыктоочу конференциясы өткөрүлдү.

550200 Физика-математикалык билим берүү багыты (математика профили боюнча) (магистр квалификациясы) Ммаг-1-22 тайпасынын магистранттары окуу планына ылайык, илимий-изилдөө практикасы ийгиликтүү аякталып,  ар бир магистрант өзүнүн илимий темасы боюнча баяндамаларды  жасашып, отчетторун тапшырышты.

Конференцияга окуу иштери боюнча бөлүмдүн башчысы, п.ид., проф.Т.Э.Уметов катышып, магистранттар менен баарлашып, математиканы окутуу методикасына арналган конкреттүү суроо узатып, пикирлерин угуп, алардын көз-караштарын билүү үчүн жагымдуу жагдай түзүүгө жетишти.

Конференцияда ар бир магистранттын баяндамасы башкалар үчүн кызыктуу болуу менен, өздөрүнүн илимий иштерине ала турган идеяларды алууга мүмкүнчүлүктөр болгондугун билдиришти.